www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусунда чет өлкөдө чыгарылган атайын техникаларды жасалма идентификациялык маалыматтар менен мыйзамсыз алып кирүү жана сатуу боюнча туруктуу схеманы аныктаганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жаран «Л.Л.» атайын техникаларды мыйзамсыз кайра жабдуу иштерин уюштурганы аныкталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, техникалардын заводдук тактайчалары, VIN-номерлери жана башка идентификациялык маалыматтары алмаштырылып, алардын чыныгы чыгарылган жылы жашырылган.

Андан соң аталган техникалар жаңы техника катары көрсөтүлүп, жогорулатылган баада сатылып келген. УКМК бул схема материалдык пайда табуу жана милдеттүү бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында уюштурулганын белгиледи.

2026-жылдын 21-майында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин алкагында чет өлкөлүк жаран «Л.Л.» Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Последние новости