www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү маселеси боюнча өткөргөн кеңешмеде дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү контролдоонун автоматташтырылган системасы сунушталды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлады.
Жапаров аталган системаны ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Система виртуалдык кампаны көрсөтүшү керек. Контрафактылык продукцияны четтетүү үчүн кайсы дары-дармектер өлкөгө алып келинип, 5 миңге жакын дарыкананын кайсынысында сатылып жаткандыгын көрүшүбүз керек. Мындан тышкары, электрондук рецепт берүү боюнча иштерди жайгаруу зарыл. Система фармацевтикалык компаниялар тарабынан айрым дары-дармектерди атайылап илгерилетүү факторлорун болтурбоо максатында дарыгерлер бейтаптарга кайсы дарыны жазып бергенин каттап турушу керек", — деди Акылбек Жапаров
Белгилей кетсек, иштелип чыккан система контрафактылык медициналык продукцияга каршы күрөшүү аркылуу дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылат, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын лицензиялоо процесси аркылуу рыноктогу дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын жогорулатат.
Мындан тышкары, дары-дармектерге байкоо жүргүзүү системасын ишке киргизүү рынокко толук көзөмөлдү камсыздоо аркылуу дары-дармектердин баасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Булак: NazarNews.kg