www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл күздөн тартып маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүү боюнча атайын режим киргизилет. Свет күнүнө 12 саатка чейин өчөөрү күтүлүүдө. 

Себеп дегенде Кыргызстандагы энергиянын негизги булагы саналган "Токтогулдагы" суу өтө аз. Суунун көлөмү 20-июлга карата 10 млрд. 684 млн. куб метрге араң жетти. Бул Кыргызстандын тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч. Мындай абал менен жылытуу сезону башталган 1-октябрга, болжолдуу эсепте 12,4 миллиард куб метр суу менен киргени турабыз. Кыштан чыгууга бул суу кыйла эле аздык кылат. Демек, электр энергиясын үнөмдөп, светти өчүрбөй кыштан чыгуу мүмкүн эмес.

Анткени былтыр 1-октябрда Токтогулдагы суунун көлөмү 13,6 миллиард болуп, быйылкыдан 1 миллиард 200 куб суу көп болгонуна карабастан кышында жер-жерлерде жарык өчүрүлгөн. Быйыл абал былтыркыдан дагы оор. Ошол себептен, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу деген шылтоо менен азыртадан аймактарда кезек-кезеги менен 4-8 сааттан светти өчүрүү орун алууда. 

Кыштан чыгуу үчүн быйыл Орусия менен Түркмөнстандан 3,5 миллиард КвТ/саат энергия алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев айтты. Кычыраган кышта суукка тоңбош үчүн, эң кур дегенде ушул сүйлөшүүлөрдүн боосу бек болсун деп тилейли. 

Энергетика тармагында мындай оор кырдаал жаралганынан улам президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Эми ага ылайык, энергетикалык кризистен чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында Энергетика министрлигине өзгөчө укук берилүүдө. 

Натыйжада 2023-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө колдонулуучу өзгөчө кырдаал режими киргизилип жатат. Бул жагдай 3 жыл катары менен электр энергиясына болгон чектөөлөр орун алат дегенди билдирет. 

Мындай энергетикалык кризистен чыгуу, маселени жөнгө салуу үчүн Энергетика министрлигине энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга ылайыктуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугу ыйгарылат. 

Башкача айтканда, энергия өндүрөм деген ишкерге Энергетика министрлиги жерди да, сууну да өзү чечип берүү укугуна ээ болот. Керек болсо тоскоолдук жараткан ”Кадастр” кызматкерин жумуштан алат. 

Бул аз келгенсип, тариф саясатын дагы кайрадан карап, бааны көтөрүүгө барат. "Инфляцияга жараша жылыга электр энергиясына болгон баа жогорулап турушу керек болчу, азыркы кезде 1 кВтч электр энергиясынын баасы 1 сом 43 тыйын болмок" деген Энергетика министрлигинин кулактандыруусу бекер айтылып жаткан жок.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости