www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында 2 адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча үн катты.
"Президент Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды", - деп билдирет бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жазат.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-июлда Чолпон-Атада жеңил моторлуу кайыктын артына уланган үйлөнмө баллон теплоходго барып урунган. Жыйынтыгында ошол эле түнү 2000-2004-жылы туулган кыз жана жигит оор жаракаттардан улам реанимацияда каза болгон. Дагы бир жабырлануучу хирургия бөлүмүндө жаткырылган.
Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.
Ысык-Көл ОИИБинен билдиришкендей, кайыктын айдоочусу кармалган. Ал 16 жашта гана экени айтылууда.
Булак: NazarNews.kg