www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист, мыкты журналист Канышай Мамыркулова айтып, жазып келе жаткандай, “Башкы редакторлорго Дайырбек Орунбековдун ушул кызматта отурушун бизди кемсинтүү деп кабыл алабыз деген мааниде Президентке кат жазгыла” дегенинде акыйкаттык бар.
Чынында, азыр дагы кеч эмес. Орунбековдун айдагына көнүп, аны менен кызматташкандарга таң каласың.
Мына Мамлекеттин маалыматтык саясатын жүзөгө ашырган адамдын, кыргыз тарапты күнөөкөр катары көрсөтүп, кыргыздар баштаган деген пикирди жазып, жайылтып отурат. Бул дегендик өлкөнүн позициясын билдиреби? Бул эмне деген өз элине болгон кыянаттык мамиле?
Тактап айтсак, кечээ Баткен районунун Аксай айылында тажик жарандары кыргыз жарандарын ур-токмокко алган инцидент катталган. Ал окуянын чоо жайын тыкыр иликтебестен, президенттин Маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайыр Орунбеков биздин соо кыргыз жаранды мас кылып, күнөөнү мойнуна илип коюптур. Мына ушуну улуттук кызыкчылыкка каршы келген маалыматтык манипуляция деп коёт.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров жоктон тапкансып, "фейк-троллдор фабрикасын" иштетет делген адамга эмне мынча байланып калганы түшүнүксүз.
Жыйынтыгын көрүп жатабыз. Мамлекеттин саясатын кандай жүргүзүп, кандай учурда кандай маалымат бериш керектигин билбей тамтыгын чыгарып тантып отурат. Өлкө башчысы Жапаровдун жакшы иштери көрүнбөй, жалаң негатив айтылып жатканы дал ушул Дайырбек Орунбековдун мамлекеттин маалыматтык саясатын түшүнбөгөн саясий сабатсыздыгынын кесепетинен улам болууда.
Булак: NazarNews.kg