www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 17 –февраль күнү байыркы кыргыздардын кышкы чилдеси чыкты. Демек, да бир жылга алдыга кеттик. Чилденин акырында 17 – февралдан баштап дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар эле. Мунусу да жок болуп кетти. 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. “Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.
“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.
Эми биз сөз кылып жаткан июнь айына келели.Кыргыздар Ай менен Үркөрдүн биригүүсүн тогоол, ал эми тогоолдон тогоолго чейинки убакыт аралыгын тогоол ай деп аташкан. Июнь айынын башталышында Үркөр таң алдында биринчи жолу чыгып, Ай-Үркөр жылы башталат. Бул айдагы тогоол таң алдында болуп, бир жылы көрүнүп, бир жылы көрүнбөгөндүктөн 1-ай “арсар ай” деп аталат. Азыркы мезгилде Үркөр горизонттон июнь айынын башталышында чыгат. Эсенбай эсепчинин заманынан бери бир жарым кылымдан ашык убакыт өттү, азыр Үркөр 10-июндан кийин көрүнөт. Ошондуктан, Ай-Үркөр жылынын башталышы 2-июнга туура келет. Бул ай арсар ай аталганынын себеби, Күн Үркөргө жакын жайгашкандыктан тогоол көрүнбөйт. Экинчи ай жаңыргандан 23 күндөн кийин тогоол болуп, “23 тогоол” деп аталат. Кулжа жетинин айында жүгүрүп, бештин айында токтолуп, кулжада тууйт, ошондуктан “Кулжа айы” дейт.
Үркөр чыгыш тараптан көрүнгөндөн кийин өсүмдүктөр тез өсө баштаганы байкалат. Элдик табыптар ушул убактан баштап бейтаптарга кымыз ичиришкен эмес. Дан эгиндерин арпа, буудай, сулу Үркөр батканга чейин себишкен. Андан кийин себилген эгин бышпай, кар астында каларын жарыктык билген экен. Уламыш катары айтылып калган. Ал Кочкордун Күн-чыгыш жагында азыркы Ормонхан аймагында келатса бир топ адамдар эгин эгип жатышкан экен. Эсенбай эсепчи токтоп: “Ай балдар бир аз кечирээк сээп жатыпсыңар. Эми эгиниңердин түшкө чейин себилгени бышат, түштөн кийин себилгени бышпай калат” - деп бастырып кетет. Эсенбай эсепчини сынамакка ошол эгин сээп жаткандар белги коюп коюшат. Кызыгы эки тарап бирдей бышып баратып эле, түшкө чейинки себилгендер толук бышып, түштөн кийинки себилген бышпай үшүк алып кетиптир. Мына эсепчиликтин сыры кайсы убакта эгин себишти да билбесе болбойт экен.Үркөр баткандан кийин жүгөрү, таруу, конок, күрүч себилет. Ай жаңырган, толгон учурларда 2-3 күн мурда жана 2-3 күн кийин эч нерсе айдоого болбойт. Анткени бул учурда Ай фазасы алмаша турган күндөр болгондуктан, себилген үрөн чыкпай калаарын, же чыкса да аз гана түшүм берерин билишкен. Бул күндөрдү ай арасы же «арсар күн» деп аташкан. Ай арасы кандай болгонуна жараша кийинки ай, жыл кандай болоору баамдалган. 22-июнь эң кыска түн болот. Июндун 15 жарыгы «тамыз маалы», 15 караңгысы «кулжа тамыз маалы» аталат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg