www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык илимпоздор абада көрүнгөн белгилерди калтыра турган лазерди ойлоп табышты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазып чыкты.

Вухандагы Хонгтуо биргелешкен лабораториясынын адистери SCMP журналисттерине алар жараткан калем "абада жазууга" жөндөмдүү экенин жана адамдын көзүнө көрүнөөрүн айтышты. Инновациялык аппарат өтө кыска лазердик импульстарды колдонот. Бул аппарат өнүккөн тармактарда колдонулмакчы.

Сыноодо окумуштуулар пикселдерди абага жайгаштыруу жана аларды кытай тамгаларына айландыруу үчүн 3D сканерлөө технологиясына таянышкан.

Лабораториянын жетектөөчү изилдөөчүсү Као Сяндун: "Жаңы аппарат менен биз кагаз жана сыяны колдонбостон абада сүрөт тарта алабыз" деди.

Эксперттердин айтымында, иштелип чыккан калем өтө кыска лазердик импульстар менен иштейт, электрондорду аба бөлүкчөлөрүнөн бөлүп, абада символдорду түзүүгө жетиштүү тактык менен жарык берүүчү плазмага айландырат. Импульстар өтө кыска болгондуктан, аппарат салыштырмалуу аз өлчөмдөгү энергияны сарптайт жана колдонууда коопсуз.

Хонгтуо биргелешкен лабораториясынын өкүлдөрү жаңы аппаратты ар кандай алдыңкы технологияларда – кванттык эсептөөдө, мээнин ишин визуализациялоо процессинде колдонууну пландап жатышканын белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости