www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Алсыз катмарга, аялзатына, жаш балдарга ыдык көрсөтүү күч алганы жан кейитет. Педофилдерди эл алдында сабак болчудай жазалап, жалпы коом тик туруп күрөшчү мезгилдебиз. Педофилдерди кандай жазаласак болот? Балдардын укугун коргоо үчүн катуу чараларды көрүү зарылбы?
- Интернет жана социалдык тармактардын заманында маалыматтын жакшысын, жаманын да ар кандай өлчөмдө алып калдык. Мурда «эл эмне дейт?» дегенге таянып, жашырган жеке жашоону азыр интернет ачыкка чыгарууда. «Бүгүнкү күндө алсыз, аярлуу катмардагы жана корголбогондорго карата психологиялык жана физикалык агрессия учурлары көбөйдү» деп айтылат.
Жаңыласыздар, урматтуулар, аялдарыбыз, балдарыбыз, карыяларыбыз да илгертеден бери эле сабалып, зордукталып келе жатышат. 2003-жылы Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте биринчилерден болуп, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» мыйзамын бекер кабыл алган эмес. Социалдык тармактардын күчүнөн мурда «уяттуу» көрүнүштөр коомдун талкуусуна чыгып, кадимки нерсеге айланып бараткан кез.
Өткөн чакырылышта, 2019-жылы, сот аялдар ассоциациясынын жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен зомбулуктун үрөй учурган фактыларын ачыктаган изилдөө иштерин баштаганбыз. Жаш кыздардан улгайып калган аялдарга чейин анонимдүү сурамжылоолордун жыйынтыгы менен таанышканда, көзүбүзгө жаш айланып, алсыздыктан ачууланганыбызды кантесиң!
Окуу жайларында болобу, транспортто, көчөдө, жадагалса жумушта зордук-зомбулук ыдык көрсөтүүдөн башталат. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, зордукталып же өлмөйүн, ур-токмокко алынган кыздардын арызына укук коргоо органдары реакция беришпейт.
Мисалдарга күбөсүздөр. Ошондуктан, 7-чакырылыштагы кесиптеш айымдар менен аялдарды жумуш ордунда ыдык көрсөтүүдөн коргоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну туура көрдүк. Мырзаларыбыздан колдоо табабыз деп ойлойм.
Андан тышкары, ЭЭУнун 2019-жылдын №190 жумуш ордунда зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү боюнча эл аралык конвенциясын ратификациялоо зарылдыгы боюнча министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылдым.
Маалымат үчүн айта кетсем, каникулга чыгарга чейин парламент педофилдерге жазаны катаалдаткан мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Кеп балдарга карата жасалган зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо, ошондой эле балдарды сойкулукка жана бузукулукка тартуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө болуп жатат.
Эми педофилдер мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарган мунапыс менен пайдалана алышпайт. Мыйзам долбоору президентке жакында эле жөнөтүлдү, кабыл алынып, кол коюлат деп ишенем.
Булак: Азия News гезити