www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы саясатты аксаткан Жээнбек Кулубаев отставкага кетеби?

Кечээ тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өткөн жумада Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин 4-жолугушуусунда толук ишке ашпай калган макулдашуулар, чала даярдалган документтер боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Лидерлердин ал жолугушуусунда достук, жакшы кошуналык жана кызматташтык боюнча келишимге Казакстандын президенти К.Токаев, Кыргызстандын президенти С.Жапаров, Өзбекстандын презденти Ш.Мирзиёев кол коюп, Тажикстандын президенти Э.Рахмон, Түркмөнстандын президенти С.Бердымухамедов кол койбой коюшкан.

Илгертен тарыхый, маданий байланышы бар Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин бул жолугуусундагы мындай күтүлбөгөн окуяга дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер, аналитиктер тарабынан “пикир келишпестик” катары баа берилип, дүйнө жүзүнө чагылгандай тарады.

Министрликтин ишин профессионалдуу таризде аткара албаган Жээнбек Кулубаев “түштөн кийин” эсине келип, өзү түздөн-түз уюштура албай үзгүлтүккө учураткан бул саясый окуянын себептерин “жөн эле ушундай болуп кетти, алар жакында кол коёт” деп “кыргызчылык” менен комментерий берип жатканы анын министр катары компетенттүүлүгүнөн шек туудурат.

Качан, кай жерде кол коюлат? Кепилдиги барбы? Эл аралык деңгээлдеги олуттуу саясый жолугушуулардан жарака кеттиби?

Министр Жээнбек Кулубаев өлкөнүн тышкы саясатын кризиске батырбай, отставка бергени дурус. Алмаштайын чыгара электе...

Булак: Азия News гезити

Последние новости