www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай ачык эле АКШнын вассалы болуудан баш тартты

Байден байке айласын таппай калды, анткени америкалыктар кымбатчылык каптагандан улам башаламандыкты баштай турган болду. АКШнын  куйтуң саясаты Кытайды Орусияны колдоодон баш тарттырып, Орусиянын талкалап андан соң жалгыз калган Кытайды бөлүп жок кылуу болгон. Бирок Кытай АКШнын вассалы болуудан баш тартты. АКШ өзүн жакшы жагынан көрсөткүсү келет, бирок бир эле Украинадагы кырдаалда жети "күнөө" кетирди. Бул тууралуу Кытайдын Global Times гезити жазып жатат. Макаланын автору Вашингтон кансыз согуш менталитетинин жактоочусу бойдон калды, бул глобалдык ажырымды курчутат деп эсептейт. НАТО өз аянтын чыгыш тарапка беш жолу кеңейтти. Альянс коопсуздук мейкиндигине тынымсыз кадам таштап жатканын көргөн Россия башка өлкөлөр сыяктуу эле жарга такалып калуудан кооптонбой койгон жок. Бул жагынан караганда Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал кансыз согуш менталитети европа континентине жайылып кеткени жан кейитерлик мисал.Ак үйдүн аракеттери геосаясий оюнчулардын нааразычылыгын жаратып, бул дүйнөдөгү тынчтыкка бүлүк салат деп белгилеген. Тагыраак айтканда, ал Американын Европаны өзү менен кошо жетелеп алуу аракетин жемелеген.

НАТОнун Брюсселдеги саммитинде батыш саясатчыларынын Бээжиндин Москваны колдоосуна байланыштуу тынчсыздануулары тууралуу билдирүүлөрүнө Кытай терс жооп кайтарды. «Украина кризисинин негизги кыймылдаткыч күчү НАТОнун ушунча убакыттан бери тынчтыкка жана сүйлөшүүлөргө үндөп келген Кытайга сөөмөйүн көрсөткөнгө кандай укугу бар?» — деп жазат «Хуаньцю шибао» басмасы.Кытайдын Украинадагы окуяларга карата позициясы так жана эл аралык укукка жана БУУнун Уставына негизделгенин, бирок НАТОнун Киевге курал-жарак жеткирүү боюнча аракеттери тынчтык жөнүндөгү сөздөрдөн айырмаланып турганын белгилешет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости