www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экономикасында Батыштын эмес, Орусиянын ролу чоң. Орусиянын арзан мунайзаты жана башка товарлары менен биздин мамлекет ашына мамлекеттерге караганда жоон орто өйдө турат. Бекер жерден бизден Тажикстанга контрабанда аркылуу мунайзатты ташыган жок, эмне мунайзат Кыргызстандан чыгат бекен? Жок, биз ЕврАзЭК боюнча өнөктөшүбүз Орусиядан арзан товар алып келип сатып жатабыз. НАТОнун тилеги Орусияны бөлүп –жарып жок кылуу, эгер Орусия жок болсо Кыргызстанга ким арзан мунайзат, газ жана башка товарларды берет. Белгилүү саясий иликтөөчү Сабыр Муканбетов жазып жатат: ”Эгер Орусия жок болсо Кыргызстанга алардын эмне кереги бар? Кыргызстандын өзүн бөлүп-жарып кеткенден кийин” –дейт. Чын эле Кыргызстанга эмне кереги бар айланабызда тиш кайраган мамлекеттер Орусиянын куралынан коркуп турат. Кыргызстандын бөлүп-жарып кетсе, батышчылдар долларларын жыйнап алып Батышты көздөй кирип кетет. Ал эми кыргыз эли каякта калат?

 Быйыл тынч кыш мезгили ортолоп, чуулгандуу жаз айларына кадам койгондо, эч кимге билинбеген ымырт ызы-чуулар башталды.Орусия өз жанын коргоо үчүн чоң күрөшкө аттанды. Эбепке себеп жок эбакта башка мамлекетте болуп жазасын тартышкан мончодогу окуялар элди дүрбөтүү үчүн социалдык тармактарда пайда болду. Тажикстан тарап Кыргызстанда, чаң тополоң уюштуруу максатында ызы-чуу баштады. Мурунку жылдары да  бийликти алмаштыруу үчүн 3 миллион эле доллар жетет деп ойлошобу, АКШ тиреги болгон “Азаттыкты” күчтөй баштаган. АКШ “Азаттык” үналгысына бөлө турган акча каражатынын эсебин 3 миллион долларга жеткирген. Мурун“Азаттык” үн алгысына АКШ тараптан 1 миллион 700 миң АКШ доллары менен акча каражаттары бөлүнүп келген.

АКШ Конгресси “Азаттыктын” кыргыз филиалынын  бюджетин эки эсеге көтөргөн. Ал эми “Сорос-Кыргызстан” фонду  журналисттердин иликтөө кызматтары үчүн долбоорго  3 миллион доллар бөлгөн. “Сорос-Кыргызстан” фонду  журналисттерди ушул долбоорго таяп, иликтөөлөрдү окута баштайт. Тренинг жана семинарларда бир гана журналисттер болушпайт, окутууга шылтоолонуп бул жерде жаш үгүтчүлөр, активдешкен бийликке каршы  саясатчылар да окушат. Батыш дегенде ак эткенден, так этишип, Батыштан “жем жеген” өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) жеңдерин түрүнүшүп, бүлгүндү баштоого дайым даяр турушат.

Бул эмне деген окшоштук, “Азаттыктын” жылдык бюджети 3 миллион доллар болуп жатса, революция жасоо жаатында бышып жетилген “Сорос-Кыргызстан” фонду  да 3 миллион доллар бөлүшүп жатса. Же 3 миллион доллар менен гана ызы-чуу кылгысы  келип жатышабы? Батыштын очойгон акчасына маарап, Батыштын тескери саясаты менен иш жүргүзгөндөр «отко май тамызып жатышат». Эсиңерге келгиле, эгер араб мамлекетинде болуп жаткандай чыр чыгып кетсе ким жооп берет?

Чындыгы, АКШ Кыргызстанды Орусияга каршы Борбор Азияда бекем тылына айлантканы турат. Башкы чуулгандуу окуялар убакыт жылган сайын чукулдап келатат. АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү «Азаттык» радиосунун Орусиядагы кызматын чектөөнү, журналисттерин жазалоону күчөтсө, Москвага каршы жаңы санкцияларды салууга чакырды. Конгрессмендер бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден менен анын администрациясына жолдогон катында жазышкан.

Каттын авторлору бул күндөрү Роскомнадзордун кызматкерлери медиакорпорацияны жана анын долбоорлорун «чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү мыйзамды бузууга айыптап, жүз миңдеген доллар айып пул салуу үчүн 130 протокол түзүү менен алектенип жатканын билдиришкен.

«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. 2017-жылы ноябрдан тартып чет жактардан акча алган массалык маалымат каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштаган. Ал реестрде 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар. Ошондой эле, юстиция министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын «Коррупция менен күрөш фондун» «чет өлкөлүк тыңчылар» тизмесине киргизген.

Белорус мамлекети «Азаттык» үн алгысы менен кармашып отурбай сотко беришкен.  «Азаттык» үн алгысын Белорус соту экстремисттик деп тапты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews. kg

Последние новости