www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер бети көгөрөөр менен дары чөптү пайдаланыш керекпи?

Ар ким өзүн дарылоо керек. Ушул заманда дарыканаларда дарылар асмандап турганда, ал эмес президент «ковидке» каршы  уу коргошун менен дарылануу туура деп турганда эмнеге өзүбүздү өзүбүз дарылабайбыз? Ар ким өзүн дарылап туруш керек. Бул бүгүнкү күндүн талабы! Оорусузбу, соосузбу, карысызбы, жашсызбы дарыланып турсаңыз дарт өзү качары бышык.

Дары чөптү кайсы мезгилде, кандай убакта пайдаланыш керек. Мунун сырын адам билиш керек. Анткени, биз дарылык касиети көп Кыргызстанда жашап атабыз. Чөптөрдүн дарылык сырын билсек, кымбаттап бараткан ушул жашоодо, өзүбүзгө жашоонун кенен жолун ачабыз.

Чалкан (крапива)

Кышы менен жердин күчүн алган, күчтүү касиетке ээ болгон ЧАЛКАНды апрелдин 1 инен баштап, май айынын аягына чейин пайдаланыш керек. Чалканды жаңы кезинде жесе, ичсе, кууруп жесе дарылыгы көп, кышы менен айыкпаган көп ооруга дары. Боюу жерден 15-20 см бийиктикте болгондо оруп,  кургатып, чайдай демдеп күндө 3 маал ичсе болот.

Касиети:

Көк боору (селезенка) жакшы иштебегендерге, каны суюктарга, каны токтобогондорго кандын курамын жакшыртат, кантты өз калыбына келтирет, экземага жардам берет, ревматизмге, буттары ооруганда чалкандын бир бутагын жапса, сайгыласа, жардамы тийгени. Ооз кургап ачууланып турса, чалкандан демдеп, күнүгө 7-8 жолу жарым стакан ичет. Илгери элдер чалканды тамакка кошуп, эт, жумуртка менен кууруп жешкен. Чалкан 20-25 см болсо оруп, кайнаган сууга чылап, сүзүп, суусун банкага куюп ичет. Сүзүлгөн чөптү майдалап туурап тамакка кошсо, диета болот.

Май менен пиязды кууруп, 2 литр суу кошуп кайнатып, бир чыны буудай акшагын чалып, бышырып, тууралган чалканды салып, 5 мүнөт кайнатып, 4 жумуртканы кошуп жейт. Чалкан: «Адам баласы билсе, мен кандай күчтүү дарымын. Эч бир айбандар күчтүүлүгүмөн жей албайт» -дейт.

Кант диабети:

1 жыл 1 литр чалкандын суусун үчкө бөлүп ичсе, кант диабетинен таза айыгат. 1 ай күнүгө чалкандын суусун демдеп ичип, ак пиязды тазалап жейт. Боордо кум-таш болсо, табарсыкка суук тийсе, 25 -30 мүнөт чалкандын суусун ууртап ичет. Баш ооруса 1 күндө 2 литр чалкандын суусун баш айыкканча ичет.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости