www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү таң эрте менен Нурбек Токтакуновду кармап кетишти. Мурдагы күнү аны сот хулигандык кылган деп 5 күнгө кескен, бирок анын тосмо арызы каралганга чейин бош калтырган. Миллиондогон акча уурдалып жана бүткүл коом мазакталып жатса, соттор – кимдир бирөөнү сөккөндөрдү жазалай баштады.
Мүмкүн, Токтакунов сөккөн сот чындап эле кадырлуу адамдыр, бирок акыркы жылдары соттор жалпысынан эч кандай абройсуз жана уятсыз адамдарга айланып кеткенин баарыбыз көрүп турабыз. Ошол эле учурда соттордон адилеттүүлүк талап кылган Токтакунов дагы өзүн эч шек жаралбагандай алып жүрүш керек эле. Анткен менен, мезгил ошондой.
Бирок бир жалпы мүнөз тынчсыздандырбай койбойт. Орусияда азыр – кайсы бир ветеранды мазактады, же аскерлерди жамандады, же согушту согуш деп атады деген сот иштери жүрө баштады. Кыргызстанда болсо соттордун ар-намысын коргоп кирдик, бирок алардын ар-намысы болсо, эч кимиси мыйзамсыз өкүм чыгарбайт эле го. Бул жалпы көрүнүш – бийликке чаң жугузбоо – эми кайрадан сөөгүбүзгө сиңип, көпкө улана тургандай.