www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекин АКШны Украинадагы аскердик-биологиялык аракеттерди түшүндүрүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян дүйшөмбү күнү брифингде Кошмо Штаттар өзүнүн чет өлкөдөгү, анын ичинде Украинанын аймагындагы аскердик-биологиялык ишмердүүлүгүн толук түшүндүрүшү керек деп билдирди.

"Эгерде Кошмо Штаттары өз ишмердүүлүгүнүн чынчылдыгын далилдегиси келсе, эмне үчүн эл аралык эксперттерге көз карандысыз изилдөөлөрү үчүн бул биологиялык лабораторияларды ачып бербейт?", - деп билдирген дипломат.

Анын айтымында, Украинадагы аскердик-биологиялык активдүүлүк дүйнө коомчулугун тынчсыздандырууда. Жакында жарыяланган маалыматка караганда, Украинада ондогон биологиялык лабораториялар АКШнын Коргоо министрлигинин буйругуна ылайык иштейт, - деди Чжао Лицзян.

"200 миллион доллар эмнеге жумшалды? АКШ кайсы оору козгогучтарды изилдеди? АКШнын Украинадагы элчилиги бардык тиешелүү документтерди өз сайтынан алып салыштыбы, алар эмнени жашырууга аракет кылып жатышат?" – деп суроо салган Лицзян.

Буга чейин Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги презентация өткөргөн, анын жыйынтыгында Америка Кошмо Штаттары Украинадагы биологиялык лабораторияларды иштетүүгө 200 миллион доллардан ашык каражат жумшаганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости