www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-мартта Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, ЭЭА Инвесторлор Ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өндүрүүчүлөр туш болгон көйгөйлөрдү талкуулаган Бишкек ЭЭАнын Башкы дирекциясында жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө министр ишканаларды текшерип, Бишкек ЭЭАдагы абал тууралуу маалымат алды.

Жолугушууда белгиленгендей, өлкө жетекчилигинин тапшырмаларына ылайык, ЭЭА субъектилеринин иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп, жакынкы аралыкта эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгып, кабыл алынмакчы.

Ошондой эле, «Бишкек» ЭЭЗинин Башкы дирекциясынын жетекчилигинин ишмердүүлүгү туруктуу негизде мониторингге алынат.

Муну менен катар бизнес өкүлдөрү «Эркин экономикалык зоналар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

Министр Бишкек ЭЭАнын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле менеджментти жакшыртуу зарылдыгын белгилеп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости