www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик башкаруунун саясий системасы өзүнүн ийгиликсиздигин көрсөттү, муну өлкөдө ок атуучу куралды колдонуу фактыларынын көбөйүшү, тактап айтканда, Техас штатындагы мектептеги окуя далилдеп турат. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасы жазды.

Басылманын авторлору белгилегендей, АКШ президенти Джо Байден курал-жарактарды көзөмөлдөөгө чакырып жаткан менен, байкоочулар жана интернет колдонуучулар коомдук жайларда ок атуу фактылары көбөйүп жатканына нааразы болуп, «Америка дүйнөдөгү эң кооптуу жерге айланды».

«Адамдар ийгиликсиз, АКШ саясий системасы бул нерсени өзгөртө аларынан күмөн санап жатышат», - деп баса белгиленет макалада.

Кытай Элдик университетинин профессору Дяо Дамингдин айтымында, зомбулук фактыларынын көбөйүшү америкалык коомчулуктун ыдыраганынан кабар берет. Ал ошондой эле америкалык бийликтин эки партиялуу механизми «бул көйгөйдү чечкен жок жана келечекте да чече албайт» деп белгилейт.

«АКШда ок атуучу куралдарга тыюу салууну сунуш кылган бир дагы саясатчы жок. Демократтар шайлоочулардын көбүрөөк колдоосуна ээ болуу үчүн куралды көзөмөлдөөнү, анын ичинде саясий шоуну уюштурууну талап кылууда», - деди Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Америка таануу институтунун директорунун орун басары Юань Чжэн.

Эске салсак, 25-майда Техас штатынын Увалд шаарындагы башталгыч мектепте ок атышуу болгон. Бул окуя акыркы он жылдагы эң ири башталгыч мектеп кыргыны болду. 18 жаштагы жергиликтүү тургун Сальвадор Ромас чоң энесин атып салган, андан кийин ал жакын жердеги башталгыч мектепке барып, окуучуларды атып салган. Кырсыктын кесепетинен 21 адам каза болгон.

АКШ президенти Джо Байден болуп өткөн кайгылуу окуяга байланыштуу курал-жаракты пропагандалоого тыюу салууга чакырды.

Бул АКШда 10 күн ичинде болгон эки массалык адам өлтүрүү. Ишемби, 14-майда, 18 жаштагы бала Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарында азык-түлүк саткан дүкөндөн 10 адамдын өмүрүн алган. Тергөөчүлөр каргашаны расалык жек көрүүчүлүк менен байланыштырууда.

2012-жылы Коннектикут штатындагы Сэнди-Хук мектебиндеги ок атуудан 20 окуучу жана мектептин алты кызматкери өлгөн. Ювалддагы трагедия андан берки эле эң кандуу окуя болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости