www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги АКШны Тайвань менен 96 миллион долларлык курал-жарак келишиминен баш тартууга чакырды. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь билдирди.

Анын айтымында Кытай башка аскерий келишимдерди токтотууга жана «Бир Кытай» принцибин сактоого чакырууда.

«АКШнын Тайванга курал сатуусу Бир Кытай принцибин жана үч биргелешкен АКШ-Кытай коммюникесинин жоболорун олуттуу түрдө бузат, Кытайдын эгемендигине, коопсуздугуна жана өнүгүү кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирет. Кытай-АКШ эки тараптуу мамилелерине зыян келтирет жана Тайваньдын тынчтык менен туруктуулугун бузат», - деди дипломат.

Анын айтымында, Вашингтон «Тайванга курал сатуу боюнча жогорудагы планды жокко чыгарууга, Тайбэйге курал сатууну жана америкалык аскерлер менен Тайвандын ортосундагы байланышты токтотууга» милдеттүү.

«Кытай өзүнүн эгемендигин жана коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн чечкиндүү жана күчтүү чараларды көрөт», - деп кошумчалады Лицзян.

Эске салсак, буга чейин Кытайдын БУУдагы өкүлү Чжан Цзюнь АКШ, НАТО жана ЕБ бийликтерин коопсуздук маселелерин чечүү жана аймактык коопсуздуктун тең салмактуу механизмин иштеп чыгуу үчүн Орусия менен диалог баштоого чакырган.

Ал белгилегендей, «бардык өлкөлөрдүн коопсуздугу бөлүнгүс жана бир өлкөнүн коопсуздугун башкалардын коопсуздугунун эсебинен камсыз кылуу мүмкүн эмес».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости