www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марттын аягында башталган суу ташкындарынын кесепетинен Казакстанда 185 турак жай менен 78 дачаны суу басты.

Мындан тышкары, эки социалдык объектиге, анын ичинде Батыш Казакстан облусундагы мектепке суу кирди. Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин билдирди.

Аткаминер 285 калктуу пункт сел каптоо коркунучунда турганын кошумчалады. Жергиликтүү тургундар соцтармактарга селден жабыркаган кишилердин видеолорун жайгаштырышууда.

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыктары күн тез жылып кеткенине байланыштуу арыктар менен жамгыр топтоло турган канализациялар толуп калып жатканын билдиришүүдө.

Марттын аягында Казакстандын батышында да, түндүгүндө да суу ташкыны башталган. Анын кесепетинен өлкөнүн батыш аймагында кеминде 600 киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду, 100дөн ашуун мал жандыгы өлдү. Айыл чарба министрлиги камсыздандырылбаган жандыктар үчүн кенемте төлөнүп берилбей турганын жарыялады.

Караганды шаарында дамбаларды бекемдөө иштери жүрүп жатат. 3-апрелде Карагандынын Октябрь районунда жамгырдын суусу топтолгон каналга 9 жашар бала чөгүп кетти. Коңшу Актөбө облусунда дарыя ташып, айрым айылдар Актөбө шаары менен байланыша албай калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости