www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Nайвандын айланасындагы кырдаалдын олку-солкулугунан пайдаланып АКШ абалды ого бетер курчутуп жибериши ыктымал. Мындан улам Пекин өтө сак турат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдиргенин РИА Новости жазды.
"Тайвандагы абал тынч эмес, биз сак болушубуз керек, анткени АКШ учурдан пайдаланып кырдаалды курчутуу үчүн аскер күчүн көбөйтүп жибериши толук мүмкүн", — деди министр Кытай ЖМКларына маек куруп жатып.
Дипломат Пекин Тайвандын көз карандысыздыгын колдогон мамлекеттерге да дыкат көз салып турушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул өлкөлөр түзүлгөн кырдаалды туура баалай албай, Кытайды бөлүп-жаруу жолунда бара жатышат.
Ван И Кытай менен болгон мамиленин саясий өзөгүн бузуп, БУУнун Уставына жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн эл аралык мамилелердин системасына сокку урган саясатчылардан да этият болууга чакырды.
"Биз тынчтыкты каалаган башка мамлекеттердеги санаалаштарыбыз менен "бирдиктүү Кытай" принцибинин таламын талашууга, БУУ Уставынын максаттары менен принциптерин коргоп, аймактык жана жалпы дүйнөлүк тынчтыкты сактоого даярбыз", — деди министр.
Дипломат өз сөзүндө АКШ үчүн 1,4 миллиард калкы бар Кытай менен күрөш жакшылыкка алып келбей турганын да эскертти.
"Пелоси Тайванга, Кытайга келип, саясий чагымчылык жасады, Тайвань кысыгындагы абалды курчутту. Өз милдеттерин бузуп, атайылап мындай чагымчылыкка баруу АКШга болгон ишенимди жоготту. 1,4 миллиард кытайлык менен күрөшүү жакшылык менен бүтпөйт", — деди Ван И.
Ал Пелосинин сапарына жасалган Кытайдын жообун туура, адилеттүү кадам деп атады.
Белгилей кетсек, Пекиндин каршылыгына карабай АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси Тайванга 2-августта келген. Аралды өз провинциясы деп эсептеген Кытай мамлекеттин бүтүндүгү үчүн чечкиндүү чара көрөрүн эскертип, 4-августтан 7-августка чейин Тайвандын айланасында аскерий машыгуу өткөрүп, эки фондго санкция киргизген. Ага кошумча Вашингтон менен бир катар маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуп койду.
Булак: NazarNews.kg