www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жылы Садыр Жапаров мекенине кайтып, камакка алынган кез баарыбыздын эсибизде. Ошондо куугунтук операциясынын башында турган, провокациялык ыкма менен күч колдонгон Данияр Абдыкаров экени жалганбы? ИИМдин орун басары катары баарын тейлеп аткан эле.
Садыр Жапаровдун балдары сабалып, жакындары жапырт камакка алынган. Азыр жөн гана эстеп койгонубуз менен ал ирмемдер өтө аянычтуу, трагедиялуу мезгил болчу. Бийликке жагынуу үчүн Данияр Абдыкаров кызмат абалынан кыянаттыкка барып, аша чаап, зулумдук кылганбы?
Албетте, бул өңүттөн көп суроолор жаралат. Ошол “эрдиктери” үчүн генералдык чин-даража алганын, асмандап калганын кантебиз? Өмүр бою милицияда иштеп жүрүп, бир катар жетекчилик кызматтарды да багындырганы белгилүү. Учурда Данияр бай-манаптарчасынан жашоо кечирет. Бишкек шаарындагы хансарайларын, элиталык батирлерин, ЫсыкКөлдөгү коттеджин кайсы каражатына сатып алган?
Мындан сырткары, миллиондору, жашыруун түрдө сактаган мүлктөрү узун уламыш катары жоромолдонот. Из жашырып келбесе, оңой эле байкатып коймок да, туурабы? Арты казылса бир топ байлыктары каз-катар тизилсе керек…
Булак: Азия News гезити