www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орто билим берүү тармагындагы коррупцияга 91-жылдын башында эле көпчүлүк бийлик ээлери жапа-тырмак киришишкен. Мындай пикирин профессор Каныбек Осмоналиев NazarNews маалымат агенттине берген маегинде билдирди.
--Бишкек шаарындагы №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалды. Анын камалышы коррупция мектептерде да гүлдөп кеткенинен кабар береби?
--"Бул биздин жаңы Кыргызстандын тарыхы башталаар замат эле дароо орун алган орто билим берүү тармагындагы эң оор коррупциялык система. Бул кылмышка 91-жылдын башында эле көпчүлүк бийлик ээлери жапа-тырмак киришишкен. Эртеби-кечпи бул кылмыштын бети ачылмак. Низовскийге окшогон "отко салса күйбөгөн, сууга малса чөкпөгөн" директорлордун мууну 30 жыл мурда эле пайда болгон. Бул коллективдүү кылмыш. Мен министр кезде, башкача айтканда, 2007-жылы эле ошондогу өкмөттүн алдына маселени кабыргасынан коюп, Бишкек жана Ошто мектеп директорлору өзүнчө эле "удельный княздарга" айланып баратышат десем мени тебелеп жатып калышкан. Бул кылмыштын себептери тереңде. Эл аралык каржы институттары "Песак" деген псевдопрограмма менен биздин өндүрүштү кандай бүлүнтүшсө, кээ бир шылуундар мектептерди бийликтеги макулуктардын жардамы менен жөн эле басып алышкан. Азыр укук коргоо органдары адилет текшеришсе, "низовскийлерди" жүздөп камаса болот. Анын үстүнө министрликтин принципсиз позициясы дагы "өлгөндүн үстүнөн көмгөн" кылып жатат. Президенттин туура саясатына көлөкө түшүрүп коюшту. Менимче алдыда дагы көп анализдерди жүргүзөбүз го?!", - дейт Каныбек Осмоналиев.
Булак: NazarNews.kg