www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык "Хуанцю Шибао" гезитинин баяндамачысы Че Цзянсинь макала жарыялап, анда АКШнын Орусияга кол салууларынын максатын атаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Автордун айтымында, Вашингтон Европаны өз көзөмөлүндө кармап туруу жана анын Орусия менен жакындашуусуна жол бербөө үчүн Москва менен кастыкты күчөтүүдө.

Анын айтымында, СССР кулагандан кийин АКШ орус экономикасын биротоло жок кылуу аракетин жасаган. Ченин айтымында, АКШ Москвага Батыш дүйнөсүнө интеграцияланууну таңуулаган, бирок Орусия эч качан Батыштын бир бөлүгү болгон эмес.

Андан кийин НАТОнун кеңейиши уланган. Материалдын автору Вашингтондун саясатын Орусияны жарга такоо аракети деп атады. "Бирок алардын максаты - Орусияны талкалап салуу эле эмес, Европаны да көзөмөлгө алуу", - деп эсептейт серепчи.

Анын айтымында, Орусия менен Европанын мамилеси жакшыра турган болсо, НАТОнун бар экендигинин жана Американын аскерий катышуусунун мааниси жоголот. Че АКШ долларын, технологияны жана аскердик аракеттерди "чебер курал" деп атайт. Ошол эле учурда америкалык валютадан баш тартуу механизми ишке киргизилди, деп баса белгиледи ал.

Марттын этегинде Хуанцю Шибао Украинадагы кризисти козутуп жатат деп АКШны айыптаган. Макалада АКШ кансыз согуштун мифтерин үгүт катары пайдаланып, НАТОну чыгышты карай бара-бара кеңейтип, Орусиянын коопсуздук мейкиндигин кичирейтип, санкциялар менен маселени курчутууга аракет кылганы айтылат. Ошол эле учурда Вашингтон тышкы тирешүүдөн дивиденд алып, ошону менен өзүнүн ички маселелерин чечет, деп эсептейт материалдын автору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости