www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина сүйлөшүү учурунда алыстагы кеңешчилеринин сөзүнө кулак төшөбөстөн, өзүнүн кызыкчылыгын жогору коет деген ишенимде экендигин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров айткандыгын РИА Новости жазды.

«Киев делегациясын ким жетектесе да сүйлөшүүдө алыстагы кеңешчинин сөзүнө кулак салбай, өздөрүнүн улуттун кызыкчылыгын, өз элинин кызыкчылыгын жогору коет деп ишенем», — деген Лавров Украина боюнча Араб мамлекеттеринин лигасынын байланыш тобу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүдөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Орусия ТИМи төмөнкүгө токтолду: 

– Орусия Батыш менен ачык сүйлөшүүгө даяр, бирок алар өздөрүнүн «айбаттуу» экендигин көрсөткүсү келет;

– Лавров Украина менен сүйлөшүүлөрдүн келечеги туурасында айтып жатып мүмкүнчүлүк ар дайым болоорун, Москва анын баарын колдонууга, ишке ашырууга ниеттенип жатканын айтты;

– АКШ президенти Джо Байдендин Орусия лидери Владимир Путинди «аскердик кылмышкер» деп атаганы, америкалык саясатчылардын көбүнүн абийири «жакшы эместигин» көрсөттү деп белгиледи Лавров;

– Орусия украиналык аскерлердин кылмыштары кесепетсиз калбастыгын айтып, бул күнөөлөө фейкке эмес, фактыга таянгандыгын билдирди;

– антиорусиялык санкциялар дүйнө экономикасынын капталын өтө эле эңшерилтти.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости