www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Зеленский талкаланган Буча шаарчасына барды

Украина президенти Владимир Зеленский Буча шаарчасына барды. Киевдин жака белиндеги шаарчада орусиялык аскерлер чегингенден кийин карапайым кишилердин көптөгөң денеси табылганы расмий кабарланган.

Би-би-синин маалыматына караганда, Зеленский орус армиясынын кыйраган техникасы жаткан көчөнү көрүп, жергиликтүү тургундар менен сүйлөштү. Журналисттерге кайрылып, президент Орусия Украинада согуштук кылмыштарга барганын, ошол эле маалда Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы деле жактаарын айтты.

Орусия өз күчтөрүн Киев, Чернигов жана Сумы облустарынан чыгарып кеткени маалымдалган. Бирок Донбасс жана Харьков тарапта аскерлерин кайра топтоп жатат. Өткөн жумада орус коргоо министри Сергей Шойгу атайын операциянын максаты Донбассты өз көзөмөлүнө алуу экенин айткан.

Бучада каза тапкандардын саны жана өлүм себептери тууралуу так маалыматтар жок. Айрым маркумдардын колдору артынан байланганы белгилүү. Шаарда жапырт көрүстөн да табылганы кабарланган.

Украин бийлиги орус аскерлеринин колунан набыт болгон жергиликтүү тургундардын саны 300дөн ашканын айтууда. Москва айыптоолорду четке кагып, "жалган маалымат таратып жатат" деп Киевди күнөөлөдү.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости