www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл, буюрса, Кумтөр кенинен 500 миллион долларга чейин киреше алабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров түз эфирде элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

"Буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмүн гана алып келчүбүз. Тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 миллион доллардын тегерегинде дивиденд алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 миллион доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл, буюрса, 500 миллион долларга чейин алабыз деп турабыз", — деди президент.

Ал Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 миллиард долларга бааланып жатканын белгиледи.

"Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 миллиард доллар киреше алууга жетишебиз. Башкача айтканда, 160 тоннадан 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Азырынча ага кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-апрелде, Садыр Жапаров Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн жар салды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости