www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бучадагы украиналык адамдардын өлүмүнө Орусиянын катыштыгы бар деп каралаган бардык айыптоолорду Москва четке кагат, бул тема эл аралык деңгээлде талкууланышы керек. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Бучадагы окуяны чагымчылык деп комментарий кылганын РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, украин бийлиги менен ЖМКлары Киевдин жака-белиндеги "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону таратты. Ал тасмада жолдо адамдардын денелери жатканы тартылган. Көргөндөр "денелердин" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкаган имиш. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Орусиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы орусиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.
"Биз бардык айыптоолорду толугу менен четке кагабыз. Аны менен катар, бул тема талкууланышы зарыл, болгондо да жогорку деңгээлде талкууланышы керек деп эсептейбиз. Андыктан муну кароо демилгеси көтөрүлдү, бул тема БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан каралышы керек деген биздин демилге болгон. Анын блоктолгонун да билебиз", — деген Песков журналисттерге.
Ал Украина тараткан видеоматериалдарга ишенүүгө болбой тургандыгын, маалымат "олуттуу шек менен" текшерилиши зарылдыгын айтты. Орусиянын Коргоо министрлигинин адистери таратылган маалыматта видеонун жасалма болгону боюнча белгилер бар экендигин билдиргенин кошумчалады. Песков факт жана окуялардын календардык ырааттуулугу "бул бекемдөөлөрдүн шексиздигинен" кабар бербей тургандыгын белгиледи.
РФ Коргоо министрлиги россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганын айтат. Министрлик аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Ыстамбулдагы сүйлөшүүсүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды.
Түштүк жагы, анын ичинде эл жашаган кварталдар күнү-түнү украниалык аскерлер тарабынан аткылоого алынганда түндүк тарапты көздөй чыккан тарап тосулган эмес. Маалыматтарда артиллериядан, танкадан, реактивдүү системадан атылганы айтылды.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg