www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Идеология - бул саясий башкаруунун эң башкы инструменти болуп келген, бизге идеология эмес, эң оболу улуттук идея керек, ошол идеялардын системасы мамлекетти, өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы механизимине айланат. Бир башкаруу чөйрөсүн же саясий топту тейлеген идеология анархизм менен демогогияга алып барат.
Мамлекеттик идеология бул мамлекеттик машинага айланат, ошондуктан бизге жалпы улуттук идеялардын системасы керек.
Ал өзүнүн өзөгүн кайдан алат?
Мамлекеттуулуктөн, көз карандысыздыктан, эркиндиктин бүткүл институттарынан алат. Жалпы улуттук идеянын - башкы өзөгү Адам, адамга кызмат кылган коомду онуктүрүүнү көздөгөн өлкө гана жалпы улуттук өнүгүүнүн идеясы менен жашайт.
Идеология деген түшүнүк өзүнүн түпкү маанисин эсил кайран СССРдин доорунда толугу менен дискредитациялады.
Улуттук идеянын түпкү маңызы өткөн менен бүгүнкүнү жана келечекти ширелтип турушу зарыл. Бул улуттук менталитет менен иденттүүлүктүн бекем каркасы.
Улуттук идеянын башкы душманы - пафос, курулай шаңдануучулук, сабатсыздык.
Улуттук идеянын канаты - ишеним, кайра жаралуу, реалдуулук. Эч нерсеге ишенбей калган тоталдык кырдаалда, бул улуттук идеялардын системасын калыптандыруу чөлдө жүрүп булак көзүн издегенге тете түшүнүк.
Жалпы улуттук идеялардын системасы гана өлкөнү, коомду саздан чыгара алат.
Жапония ойду-тоону айтпай эле "Жапон духу, европа билими" деген жөнөкөй идея менен гана дүйнөнүн эн алдыңкы өлкөсү болуп келет.
Биздин улуттук духтун ниглизими - өткөн тарых, ата-бабалар менен курулай шаңдануу, ал эми өзүбүз кайсы тарыхты жасайбыз, келечекке кайсы тарыхты калтырабыз толугу менен бүдөмүк.
Уруу менен кокту-колоттун психологиясынан качан арылганыбызда, кыргыздын биринчи душманы болгон трайбализимди жеңебиз, аны жеңмейин толук кандуу Улут болуу кыйын.
Өзүнүн гана амбициясы менен жашаган улут эч качан улут боло албайт, ал бүгүн дүйнөлүк процесстин агымы, дүйнөлүк кубулуштарга адекваттуу мамиле жасоо менен, өзүн чоң дүйнөнүн бир бөлүгү катары сезген, дүйнөнүн татыктуу мүчөсү боло алган улут гана эркин коомду, эркин мамлекетти түзө алат.
Өлкөнүн кадыр-баркын калкынын саны же аймагынын кеңдиги эмес - Духу аныктайт...
Автор: Султан Раев