www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-апрелде Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн жар салды.
"Кумтөр Кыргызстандын ээлигине толугу менен жана биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялаймын. Бүгүн Centerra менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу чечимге жана эле кол коюлду. Ошентип Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү. Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш десем аша чапкандык болбос. Анткени элибиз өз тагдырына болгон жоопкерчиликти колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек. Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!" — деди Жапаров.
Ошондой эле мындан ары Кумтөрдүн 100 пайыз акциясы республикага тиешелүү болорун кошумчалады.