www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кытай АКШ менен аймактык аскерий командачылык деңгээлинде диалогду токтотуп жатканын билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабыл алынган чечимдер:

- Кытайдын жана Американын коргоо министрликтеринин жетекчилеринин телефондук сүйлөшүүсүн жокко чыгаруу;

- АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен Кытайдын жумушчу жолугушуусун жокко чыгаруу;

- деңиз коопсуздугу боюнча Кытай-АКШ механизминин жолугушуусун жокко чыгаруу;

- мыйзамсыз иммигранттарды репатриациялоо боюнча Кытай-АКШ кызматташтыгын токтотуу;

- жазык-укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташууну токтотуу;

- трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну токтотуу;

- баңги заттарды контролдоо жаатында кызматташууну токтотуу;

- Климаттын өзгөрүшү боюнча Кытай менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү токтотуу.

Мындай кадам Кытайдын АКШ Конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган иш сапарына жообу болду.

Буга чейин Пекин Пелосиге жана анын жакындарына каршы санкцияларды жарыялаган. Анын Кытайдагы Тайванга сапары «жийиркеничтүү жана чагымчыл» деп мүнөздөлгөн. Кытай бийлиги америкалык саясатчы «Кытайдын ички саясатына катуу кийлигишкен» жана анын «мамлекеттик суверенитетине олуттуу зыян келтирген» деп эсептейт.

Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Ал тургай ал учуп келе жаткан учакты Кытай истрибителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости