www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тар чөйрөдө Мелис Мырзакматов артист болгонун койбоптур. Өз ара отурушканда Салкынбек аттуу жардамчысы келет тура. «Садыр Нургожоевич чалып жатат» деген шекил менен. Анда Мелис сыр алдырбай, «анан чалам, резиденцияга барам да» деп өзүнчө корстон болгонун кара. Мунун баары жөн эле алдоо экенин «жоролор» кийин билип калышып, күлкүгө айланып атпайбы. Бул эргул башынан эле жасалма мүнөз күтүп, курулай баатыр кейиптенип, анык түпкүрү көңдөй экени жалганбы?

Берегидей театралдаштырган жоругун эми президент окуп алып, жылмайып отурса керек. Биздин маалыматтар боюнча, Садыр Жапаров башынан эле Мелис Мырзакматовду жолотпой келгени маалым. Убагында сатып кеткени үчүн. «Кыздын сыры төркүнгө маалым» дегендей кеп да.

А баса, оппозициядагы аксакалдарга Мырзакматов ооз көптүрүп, жакында кошуларын билдирип коюп, ошол бойдон «куйругун түйүп» кеткени кандай? Дагы алдаган кербезиби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости