www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва менен Пекиндин стратегиялык өнөктөштүгү — эл аралык мамилелердеги укуктун сакталышын камсыздаган түркүктөрдүн бири. Бул тууралуу жума күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кытай ТИМ жетекчиси Ван И менен министрлердин АСЕАН иш-чарасынын алкагында жолукканда билдирди.

"Биздин стартегиялык өнөктөштүк эл аралык мамилелердеги укуктун сакталышын камсыздаган түркүктөрдүн бири экенине ишенем... Биринчи кезекте мамлекеттердин суверендүү теңдик принциптерин камтыган БУУнун уставын айтсак болот. АКШ бул принциптерди улам бузуп жатат. Бул, албетте, көңүл бурууну талап кылат. Биз Кытай менен БУУнун уставын коргоого бел байлаган достордун тобуна киребиз. Менимче, бул перспективдүү идея. Ал кеңейүүгө татыктуу жана анын ишине жаңы мүчөлөр кошуларына ишенебиз", — деди ал.

Лавров кытайлык кесиптеши менен бир айда үчүнчү ирет жолугушуп жатканын эскертти.

"Биз тез-тез жолугуп туруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатабыз. Бир айга жетпеген убакытта эле үчүнчү ирет көрүшүп отурабыз. 7-июлда Балиден, 28-июлда Ташкенттен, 5-августта бул жерден жолуктук. Чынында ар бир көрүшкөн сайын биз такай көңүл бурушубуз керек болгон нерселерди байкап жатабыз", деди Лавров.

Ал ошондой эле Ван И менен эки тараптуу мамилелердин азыркы абалын жана эки өлкө лидерлери макулдашкан келишимдерди ишке ашырууну талкуулай турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости