www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросу 6-декабрда болуп өткөн жыйында 2023-жылга карата экономикалык иштерди талдап, изилдеп, партиялык стилди жакшыртуу, бузулбас аппарат куруу, коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды талкуулады.

Ага КПК Борбордук Комитетинин Башкы катчысы Си Цзиньпин төрагалык кылды.

КПКнын жетекчилигинин быйылкы жылдагы жетишкендиктери менен таанышып чыккандан кийин, жыйындын катышуучулары 2023-жыл КПКнын 20-съездинин көрсөтмөлөрүн ишке ашыруунун башталышы экендигин баса белгилешти жана кытайлык типтеги модернизацияны кылдат илгерилетүүгө чакырышты.

Жыйындын катышуучулары туруктуулукту камсыз кылуу менен бирге экономикалык стабилдүүлүккө артыкчылык берүү жана прогресске жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 2023-жылы активдүү каржы саясатын жана сарамжалдуу акча-кредит саясатын жүргүзүү, ошондой эле эпидемияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды оптималдаштыруу боюнча аракеттер уланат», - деп айтылат жыйында.

Өнөр жай саясаты өнүгүүгө да, коопсуздукка да, илимий-техникалык саясатты өзүн-өзү камсыздоого, социалдык саясатты турмуштун негизги керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган. Кецешменин катышуучулары ички суроо-талапты кеңейтүү жана керектөөнңн фундаменталдуу ролун жана инвестициянын негизги ролун толук пайдалануу үчүн күч-аракеттерди жумшоо зарыл экендигин белгилешти.

Жыйындын катышуучулары модернизацияланган өнөр жай системасын курууну тездетүүгө, өндүрүш менен камсыздоо чынжырларынын туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга, мамлекеттик секторду консолидациялоо жана өнүктүрүү үчүн туруктуу иштөөгө, ошондой эле башка тармактардын өнүгүүсүн стимулдаштырууга, колдоого жана багыт берүүгө чакырышты.

Жыйында жогорку деңгээлдеги ачыктыкка көмөктөшүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана пайдалануу боюнча күч-аракеттерди күчөтүү, системалык тобокелдиктердин келип чыгышын болтурбоо үчүн негизги экономикалык жана каржылык тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү натыйжалуу болтурбоо жана чечүү зарылчылыгы баса белгиленди.

Жыйында чарбалык ишке партиялык жалпы жетекчиликти күчөтүү жөнүндөгү маселе да талкууланды. Катышуучулардын айтымында, эң зарыл болгон товарлар менен камсыздоо жана алардын баасын турукташтыруу, ошондой эле энергия менен камсыздоо боюнча аракеттерди көрүү керек.

Чогулушка катышкандар ошондой эле партияда жана өлкөдө контроль системасын жакшыртууга, алдыңкы коллективдерге жана алардын жетекчилерине таасирдүү контролдукту күчөтүүгө убада беришти.

Буга чейин Башкы катчы Си Цзиньпин КПКнын Тартипти текшерүү боюнча борбордук комиссиясынын (CCDI) жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук көзөмөл комиссиясынын иши жана январь айына белгиленген КПКнын 20-съездинин экинчи пленардык сессиясына даярдыктар жөнүндө отчетун уккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости