www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 20-октябрдагы отурумда 28 жаштагы Ибрагимге (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Соттун токтомундагы маалымат боюнча, ал абакта отурган учурда алдамчылык менен алектенген.

Жабырлануучу Фариданын (ысымы өзгөртүлдү) айтымында, 2020-жылдын январында интернет аркылуу Ибрагим менен таанышкан. WhatsApp аркылуу 2 жума байланышта болуп, андан кийин Ибрагим мамиле түзүүнү сунуштаган.

Фарида телефондон эле таанышкан жигитти жактырып калганын сот учурунда мойнуна алган. Ал Ибрагим абакта экенин айткандан кийин байланышты үзгөн.

2 жумадан кийин кайрадан байланышка чыккан Ибрагим абактан сабап жатышканын, эгерде карызын бербесе өмүрү менен коштошо турганын айтып, жардам сураган. Ошол эле учурда 2012-2013-жылдары чыгарылган 2 автоунаасы бар экенин, аны тааныштары сатары менен кайтарып бере турганын айтып, карызга акча сураган.

Буга чейин байланышып жатканда Фарида жакын аралыкта батирге кожойке боло турганын айткан болчу. Фарида Ибрагимге жардам берүүнү чечип, 2020-жылдын 24- августунда алып-сатуу келишими менен ошол батирин башка адамдын атына өткөрүп берип, 15 000 доллар алган. Ошол учурда бул мүлктүн базардагы баасы 31 000 доллар болчу.

Алган акчаны Ибргимдин айтуусу менен бейтааныш адамдарга берген. Карызын кайтаргандан кийин батирин кайра өзүнүн атына каттата турганы жазылган тил кат алган.

Бирок андан көп узабай Фарида Ибрагимге алданганын билген. Учурда оор абалда экенин айтып, соттон акыйкат чечим чыгарууну суранды.

Ал эми айыпталуучу Ибрагим күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, 15 миң доллар кайтарып бере турганын, ушул сумманы гана алганын айткан. Бирок убакыт берүүнү суранды.

Жыйынтыгында сот Ибрагимди КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркиндигинен ажыратты.

Акыркы өкүм менен жалпы 20 жылга абакка кесилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости