www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Борбор Азия өлкөлөрү үчүн стратегиялык инвестор катары экономикалык үстөмдүк орнотууда. 2025-жылдын ортосуна карата топтолгон түз инвестициялардын көлөмү 35,9 млрдга жетти. Бул 2020-жылдагы көрсөткүчтөн 1,5 эсеге жогору. Акыркы бир жарым жыл ичинде инвестициялык активдүүлүк 25%га (+$7,2 млрд) өскөн. Бул маалыматтар Евразийский банк развития (ЕАБР) тарабынан жарыяланган баяндамада келтирилген.
Казахстан – Кытай инвестицияларын эң көп алган өлкө. Жалпы көлөмү 11,4 млрд доллар. Бул аймактагы инвестициялардын дээрлик үчтөн бирине барабар. Негизги инвесторлор:
• CNPC – мунайды казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу, май куюучу бекеттер тармагы;
• Sinopec – мунай өндүрүү жана полиэтилен өндүрүшү боюнча долбоорлор.
Өзбекстанга акыркы 5 жылда Кытайдан келген түз инвестициялар 5 эсеге өсүп, 10,7 млрдга жетти.
Өлкөнүн аймактык структурадагы үлүшү 9%дан 30%га чейин көбөйдү. Ири долбоорлор:
• ар кайсы аймактарда күн электр станцияларын куруу;
• Сырдарыя облусунда Exeed автоунаа заводун ишке киргизүү;
• Ташкент облусунда газ сактоочу жайды модернизациялоо жана башкалар.
Түркмөнстан – көлөмү боюнча үчүнчү орунда 9,5 млрд доллар алган. Инвестициялар негизинен өлкөнүн түштүгүндөгү ири газ кенин иштетүү долбооруна багытталган.
Кыргызстан жана Таджикистан ар бири 2 млрд. доллардан ашуун инвестиция тарткан.
• Кыргызстанда негизги долбоорлор алтын казып алуу жана мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу менен байланыштуу;
• Тажикстанда – алтын өндүрүү жана цемент өнөр жайы тармагында.
Кыскасы, Кытай Борбор Азияда узак мөөнөттүү экономикалык позициясын бекемдөөдө. Инвестициялар мунай-газ сектору менен гана чектелбестен, өнөр жай, энергетика жана өндүрүш тармактарына да кеңейүүдө. Бул аймактагы экономикалык түзүлүштү диверсификациялоого таасир этүү менен катар, өлкөлөрдүн Кытай капиталына болгон көз карандылыгын арттырат.
Булак: NazarNews