www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-февралында Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Грузиянын Тышкы иштер министри Мака Бочоришвилинин жолугушуусу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев грузин кесиптешин сапар менен Кыргызстанга чакырып, Кыргыз Республикасынын ири эл аралык демилгелери, анын ичинде Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Экинчи Глобалдык тоо саммити тууралуу маалымдады. Грузия делегациясынын башчысы бул иш-чараларга кызыгуу жаратып, чакыруулар кылдат караларын билдирди.

Тараптар кыргыз-грузин салттуу достук мамилелерин мындан ары чыңдоого берилгендиктерин ырасташып, саясий диалогду туруктуу жүргүзүүнүн, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги жана Кыргызстан менен Грузия өкмөттөр аралык комиссиясынын иши, ошондой эле БУУ сыяктуу көп тараптуу структураларда өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында бардык багыттар боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдарлык тастыкталды.