www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай бийликтери БРИКСке мүчө башка мамлекеттер менен бирге өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен кызматташтыкты арттырууга жана тилектештикти чыңдоого даяр. Мындай пикирин 20-июлда ассоциацияга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин деңгээлиндеги жыйынга онлайн режиминде катышкан Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй билдирди. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.
“Кытай БРИКС өлкөлөрү менен бирге өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана өнүгүп келе жаткан рыноктору бар өлкөлөр менен тилектештикти жана кызматташтыкты чыңдоого даяр”, - деди Ма Чжаосюй.
Кытай дипломаты белгилегендей, Пекин БРИКСке мүчө мамлекеттердин лидерлеринин ортосунда жетишилген маанилүү макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга ниеттенүүдө. Ал Кытай бул ассоциацияны акырындап кеңейтүүгө, ага жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга көмөктөшөөрүн эске салды.
Ма Чжаосюй Йоханнесбургда (Түштүк Африка) боло турган БРИКС саммитинде кытай тарап бир нече маанилүү маселелерди талкуулоону пландаштырып, ассоциациянын мүчөлөрү менен кызматташууда жемиштүү натыйжаларга жетишет деп ишенет. Вице-министр Пекин алар менен кызматташуу деңгээлин жогорулатууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.
БРИКСке Россия Федерациясы, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет. Ассоциациянын саммити үстүбүздөгү жылдын 22-августтан 24-августка чейин өтөт. Россиянын президенти Владимир Путин иш-чарага видеобайланыш аркылуу катышат. Орус тараптан Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жеке катышат.
Булак: NazarNews.kg