www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайлык дарыгерлер 600 кыргызстандыктын көзүнө катарактасынан арылтуу үчүн бекер операция жасайт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
25-июлда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырбекова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, ден соолук тармагындагы кызматташууну талкуулаган.
Дипломат Эл аралык өз ара кызматташуу борборунун сентябрь айында "Экспресс ден соолук" долбоорун ишке ашыруу пландары туурасында билдирген.
"Бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катаракта боюнча бекер операция кылуу каралууда. 300 операция Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда, ал эми 300 операция Ош шаарындагы облустук ооруканада жасалат", — деп айтышты маалымат кызматынан.
Булак: NazarNews.kg