www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндө өз өмүрүн кыйган 8-класстын окуучусу кат жазып, таштап кеткен. Бул тууралуу Turmush басылмасы маркум баланын жакындарына таянып жазды.
Алардын айтымында, аны айылдашы денесинде соо жер калтырбай сабап салган. Андан соң окуучу үйүнө келип, кат жазганга калем таппай, эжесинин каш боёгучу менен кат жазган.
Маркум бала калтырган катта: «Ава, мени кечирип коюңуздар. Мен сиздерди жакшы көрөм. Айылдагы Н. деген баланы тааныйсыздар, ошол мени катуу урду. Аткана жакты карап коюңуздар. Менден ыраазы болуңуздар», - деп жазылган.
Маркум окуучу баланын апасы миграцияда жүргөнү белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Ноокат районунун КараТаш айыл өкмөтүндө 8-класстын окуучусу асынган абалда табылганы кабарланган. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктап, окуя 25- июлда болгонун билдирген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.