www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигердеги аскерлер улуттук телевидение аркылуу президент Мохамед Базумдун бийликтен кулатылганын жарыялашты, деп билдирет Associated Press.

Алар ошондой эле конституцияны жана бардык мамлекеттик институттарды токтотууну жана өлкөнүн батыш Африкадагы чек араларын жабууну жарыялашты.

Генерал-полковник Амаду Абдурахман дагы тогуз форма кийген аскер кызматчыларынын курчоосунда телевидение аркылуу сүйлөдү. Бул билдирүү тараган учурда президент кайда экени, кызматтан кеткен-келбегени белгисиз.

"Биз, коргоо жана коопсуздук күчтөрү, буга чейинки силер билген режимди токтотууну чечтик", - деди генерал-полковник Амаду Абдурахман.

Анын айтымында, министрликтердин жетекчилери күнүмдүк милдеттерин аткарууну улантат.

"Бардык тышкы өнөктөштөрдү кийлигишпөөнү суранабыз", - деп сөзүн улантты генерал. Өлкөдө деңиз жана аба чек аралары кырдаал турукташканга чейин жабылганы кабарланды.

Козголоңчулар тарабынан өз сарайында кармалып турган президент Базумга АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш телефон чалып, колдоо көрсөтөрүнө ишендиришти.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-июлда Нигер өлкөсүндө аскердик козголоң президенттик гвардия тарабынан көтөрүлгөн. Президент Мохамед Базум өлкөнүн борбору Ниамейдеги сарайда аскер кызматкерлери тарабынан кармалып турганы кабарланган. Буга Президенттик гвардиянын командири, генерал Омар Цянидинин кызматтан алынышы себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости