www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Опузалап акча талап кылууга шектелген жаран Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап талап кылууга шектүү катары издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
Кылмыш иши 2019-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) “эски кодекс” менен козголгон.
Милицияга Араван районунун жашоочусу кайрылып, ага карата жасалган кылмыш иши боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Тергөөдө аныкталгандай, 2019-жылдын күз айында белгисиз адамдар айылдашын сабап, физикалык күч колдонушуп, “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан.
Бул факты боюнча күнөлүүлөрдү аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кылмыш ишине тиешеси бир нече жарандар кармалып, укукка каршы аракет үчүн жоопкерчиликке тартылышкан.
Шектүүлөрдүн бири ошол учурда изин жашырып кетүүгө үлгүргөндүктөн, ал 2020-жылы издөөгө алынган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну 1993-жылы туулган А. уулу С. кармашты. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Араван РИИБге жеткирилди.
Учурда тергөө амалдарын жүргүзүлүп жатат.
Булак: NazarNews.kg