www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-майында Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегациясы Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.
Сапардын жүрүшүндө тараптар укук коргоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелерин, ошондой эле ведомстволор аралык мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.