www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Си Цзиньпиндин чакыруусу менен кайрадан Пекинге барууга кубанычта экендигин айтып кайрылуу жасады.
"Мени Кытай Эл Республикасынын Төрагасы, менин көптөн берки мыкты досум Си Цзиньпиндин чакыруусу менен кайрадан Пекинге барууга кубанычтамын.
Өз ара сапарлардын үзгүлтүксүз алмашуусу жана Россия-Кытай жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн, алардын чыныгы чексиз потенциалын ачууга багытталган жалпы аракеттерибиздин маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Эске салсам, 25 жыл мурун Россия менен Кытай кошуначылык, достук жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюп, ал эки өлкөнүн жана элдердин кызыкчылыгы үчүн чыныгы стратегиялык кызматташтыктын жана кеңири өнөктөштүктүн бекем негизин түзгөн.
Бүгүнкү күндө Россия-Кытай мамилелери чындап эле болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти. Алардын өзгөчө мүнөзү өз ара түшүнүшүү жана ишеним, тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде кызматташууга даярдык, диалогду урматтоо жана эки өлкөнүн негизги кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерде бири-бирин колдоо менен мүнөздөлөт. Бул кызыкчылыктарга суверенитетти жана мамлекеттик бүтүндүктү коргоо да кирет.
Россия менен Кытай келечекке ишенимдүү карап, саясат, экономика жана коргонуу тармактарында байланыштарды активдүү өнүктүрүп, гуманитардык алмашууларды кеңейтип, элдердин ортосундагы байланыштарды бекемдеп жатышат. Башкача айтканда, эки өлкө кызматташтыкты тереңдетүүгө жана мамлекеттердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн бардык иштерди биргеликте жүргүзүп жатат. Бул маселелер Пекинде өтө турган сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартибин түзөт.
Мен Президент Си Цзиньпиндин Россия менен узак мөөнөттүү кызматташууга болгон ниетин жогору баалайм. Биздин достук байланыштар келечекке эң тайманбас пландарды түзүүгө жана аларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептейм.
Ошондой эле Россия-Кытай товар жүгүртүүсү 200 миллиард доллардан ашып, өсүшүн улантып жатканын белгилейм. Эсептешүүлөр дээрлик толугу менен рубль жана юань менен жүргүзүлүүдө. Кызматташтыктын эң маанилүү тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Маданият жылдары ийгиликтүү өткөндөн кийин, январь айында билим берүү тармагындагы Россия-Кытай кызматташтык жылдары башталды. Бул гуманитардык чөйрөдөгү онунчу мамлекеттер аралык долбоор болуп саналат.
Россияда Кытайдын кылымдар бою түзүлгөн тарыхына, маданиятына, искусствосуна жана илимине чоң урмат менен карашат. Биз эки элдин бири-бирин жакындан түшүнүүсүн, жакшы жактарын өздөштүрүүсүн каалайбыз.
Ошондуктан биз эки өлкөнүн ортосунда визасыз режимдин киргизилишин колдойбуз. Бул ишкердик жана туристтик байланыштарды гана эмес, элдердин ортосундагы байланышты дагы кеңейтет.
Россия-Кытай стратегиялык өнөктөштүгү дүйнөлүк аренада туруктуулукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Биз эч кимге каршы достошпойбуз, тескерисинче, тынчтык жана жалпы өнүгүү үчүн иштейбиз.
Москва менен Пекин БУУ, ШКУ жана БРИКС сыяктуу уюмдар аркылуу эл аралык укукту жана Уставдын принциптерин колдоп, глобалдык жана аймактык маселелерди чечүүгө өз салымын кошуп келет.
Ишенем, биз мындан ары да эки өлкөнүн өнүгүүсү, элдердин бакубат жашоосу жана дүйнөлүк коопсуздук үчүн кызматташууну тереңдетебиз.
Пекинде жакында көрүшөбүз!" - деп кошумчалады Путин.