www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-майында КР УКМКнын шарттуу штабында УКМК Төрагасы, ММА ассоциациясынын президенти, генерал-лейтенант Ж.К. Шабданбеков ата мекендик аралаш мушташ (ММА) спортчулары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.К. Шабданбеков спортчулардын жогорку кесипкөйлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын эл аралык аренада татыктуу өкүлчүлүгүн камсыз кылып жатышканын жана өлкөдөгү ММА спортунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жатканын айтты. Ал ата мекендик мушкерлер жылдан-жылга даярдыгын жогорулатып, кыргыз спортунун дүйнөлүк аброюн бекемдеп жатканын белгиледи.
Жолугушууда өлкөдө ММА спортун мындан ары системалуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Төраганын айтымында, негизги максат — спорттун бул түрүн ырааттуу жана бирдиктүү системага өткөрүү болуп саналат. Бул алкакта коопсуздук талаптарына ылайык гана уруксат берилген мелдештерди өткөрүү, бирдиктүү эрежелерди жана стандарттарды киргизүү, спорттук иш-чараларды уюштурууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, ошондой эле спортчулардын, машыктыруучулардын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо каралган.
Ошондой эле ММА спортун мамлекеттик жаштар саясаты менен интеграциялоонун мааниси белгиленди. Белгиленгендей, аралаш мушташ — бул жөн гана спорт эмес, ал тартипти, мүнөздү, сый-урматты жана руханий туруктуулукту калыптандыруучу багыт. Туура уюштурулса, бул спорт жаштар арасында сергек жашоо образын калыптандыруунун натыйжалуу куралы боло алат.
Азыркы учурда ММА ассоциациясы бир катар артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууну көздөйт, анын ичинде: — Кыргыз Республикасын ММА багытында алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуу;
— дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү;
— спорттук инфраструктураны жана машыктыруучу кадрларды өнүктүрүү;
— эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу.
Мындан тышкары, алдыда масштабдуу спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканы белгиленди. Бул иш-чаралар өлкөдөгү ММА спортунун өнүгүшүн жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет. Ж.К. Шабданбеков мамлекет, бизнес жана спорт коомчулугу биргелешип иш алып барса, эл аралык деңгээлде атаандаш боло турган күчтүү ассоциация түзүлөрүнө ишеним билдирди.
Жолугушуунун соңунда Төрага спортчуларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди каалап, алардын эмгеги жана жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле машыктыруучуларга жана спортчулардын үй-бүлөлөрүнө өзгөчө ыраазычылык айтылды.