www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк — Түштүк стратегиялык альтернативдик унаа жолу 1-июндан тарта убактылуу каттам үчүн ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда сезондук каттамды ачууга даярдык көрүү иштери, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча иш-чаралар жүрүп жатат.
Жол транспорттун кыймылы үчүн июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болору такталды.
Министрлик айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.
Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолу — Бишкек — Ош жолун айланып өтүп, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган, узундугу 433 чакырымды түзгөн стратегиялык трасса. Каттам Балыкчы — Кочкор — Казарман — Жалал-Абад багыты боюнча өтөт. Долбоор татаал инженердик курулуштарды, анын ичинде Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3,8 чакырымга жакын тоннелди камтыйт.
Жолдун курулушу 2014-жылы башталган. Трассаны толук кандуу пайдаланууга берүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган.