www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия газынын акысын рубль менен төлөөдөн баш тартканы үчүн Польша менен Болгарияга продукция берүүнү токтотту, бул Батыштын салган санкцияларына "берилген ого эле катуу жооп" болду. Мындай пикир Кытайдын Энергетикалык саясат боюнча илим изилдөө институтунун деканы Линь Боцяндын "Хуаньцю шибао" басылмасына жарыяланган макаласында айтылганын РИА Новости жазды.

Автор Польша менен Болгариянын газдын акчасын рубль менен төлөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу 27-апрелде Орусия эки өлкөгө көгүлтүр от берүүнү токтотконун эске салды.

Анын айтымында, Москванын буга чейин рубль менен төлөгүлө деген талабы "Батыштын санкцияларына бүгүнкү күнү берилген катуу жооп жана бул жаатта өзүнүн кадамдарын баштаганы" деп түшүнсө болот.

Эксперт азыркы кырдаалга анализ жасап жатып Украинадагы кризис ансыз деле COVID-19дан жапа чеккен нефть менен газдын эл аралык рыногунда дагы көбүрөөк олку-солку болууну алып келгенин белгилеген. Кризистен кийин нефть менен газдын эл аралык рыногуна жеткирүү чынжырчасынын структурасы өзгөрдү: Москва энергоресурстарды сатуунун башка каналдарын издей баштады, ал эми Европа Орусиядан нефть-газ боюнча көз карандылыктан арылуу аракетин активдештирүүдө.

Муну менен катар эле Орусия газын, мунайын алмаштыруу үчүн ЕБге Катар менен АКШдан импорттоого туура келет. Эксперт бирок алар менен бул жаатта масштабдуу жана туруктуу инфраструктура түзүлбөгөндүгүн эскертти.

Линь Боцяндын пикиринде, АКШ ЕБдеги инфраструктуранын каатчылыгынан жана кубаттуулук боюнча чектөөлөрдөн улам бул аймактагы нефть менен газ жетпей жаткан маселени тез аралыкта чече албайт. Учурда суюлтулган жаратылыш газын ташып келүү боюнча аракеттер АКШда болушунча жасалып жатат, бирок баары бир жеткирүү үчүн кемелер аздык кылууда.

Материалдын автору Украинадагы кризис нефть менен газдын эл аралык рыногундагы суроо-талаптын структурасына өзгөртүү киргизип, аны менен катар эле мунай заттарын жеткирүү чынжырчасына оңбогондой таасир тийгизген рыноктун "бурулушуна" алып келгенин белгиледи.

Эске салсак, Орусия 1-апрелден тарта касташкан өлкөлөрдөн саткан газынын акысын рубль менен кабыл алып баштаган, бул доллар, евро менен эсептешүүдөн кетүү максатында жасалган. Президент Владимир Путин орусиялык валюта менен эсеп-кысап жүргүзүүдөн баш тартууну Москва келишимдеги милдеттерди аткарбагандык деп тааный тургандыгын тактаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости