www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүндөн тарта медициналык мекемеден чыгарылгандыгына байланыштуу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 28-апрелде Министрлер Кабинетинин башчысы жүрөгүнүн оорусуна жана кан басымы төмөндөп кеткендигине байланыштуу М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Жүргүзүлгөн медициналык процедуралар миокард инфаркты оорусун тастыктаган жок, бирок жүрөк тамырларынын спазмы аныкталган.

Учурда Акылбек Жапаровдун ден соолугу туруктуу деп бааланууда, ошол эле учурда ал амбулатордук медициналык жардам алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости