www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамкурулуш менен МИК кызматташтык келишимине кол коюшту

КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын ортосунда "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын алкагында Иссык-Кѳл облусунун ички иштер башкармалыгына турак жай куруу кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдиргендей, бул макулдашууну ишке ашыруунун алкагында шаар куруу документтерин, долбоордук-сметалык документтерди жана курулуш үчүн тендер өткөрүүнү жол-жоболорун даярдоо боюнча иштер башталды.

КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы токтому менен бекитилген «Менин үйүм-2021-2026» турак-жай программасында бекитилгендей, макулдашуунун негизинде Кыргызстандын бардык аймактарында турак жайларды куруу иштери башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости