www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын «I-Soon» компаниясы НАТОнун ресурстарына жана 10дон ашык мамлекеттеги мамлекеттик мекемелерге кол салды деген шектенүүлөр жаралган. Бул тууралуу америкалык SentinelLabs кибер коопсуздук компаниясы билдирүү жасады.

Компаниянын аналитиктери GitHub ачык программалык камсыздоо платформасына белгисиз адам тарабынан жүктөлгөн I-Soon компаниясына таандык жашыруун документтерди изилдеп чыгышкан.

Талдоо көрсөткөндөй, Кытай өкмөтү менен кызматташкан I-Soon компаниясы 10дон ашык өлкөнүн мамлекеттик органдарын, ошондой эле ар кандай институттарды жана университеттерди, анын ичинде НАТОнун ресурстарын бутага алган.

Бул билдирүүгө ылайык, сөз болуп жаткан документтердин аныктыгын текшерүү мүмкүн эмес.

SentinelLabs аналитиктеринин айтымында, бул маалыматтар буга чейин жарыяланган эң ачык-айкын деталь жана Кытайдын кибер-шпионаждык экосистемасынын жетилген табиятын ачып берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости