www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын улуттук саясат, тышкы байланыштар, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев АКШнын санкцияларына кабылганына сыймыктанарын айтты. Анын сөздөрүн РИА Новости жазып чыкты.

Саясатчы Кошмо Штаттары аны санкциялар тизмесине киргизгени үчүн "сыймыктанарын жана бактылуу экенин" баса белгиледи.

"Мен АКШнын сатанисттик жетекчилигинин саясатына маани берген жокмун", - деп түшүндүрдү Дудаев.

Министр белгилегендей, «борбордук сатанисттик мамлекет тарабынан, дүйнө жүзүндөгү сатанизмдин лоббисттеринен» санкциялардын жарыяланышы анын Ахмат-Хаджи Кадыровдун командасындагы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчү болуп саналат.

Буга чейин АКШ президенти Джо Байден Вашингтон Орусияга каршы 500дөн ашык санкция киргизип жатканын ырастаган. Ошондой эле "орусиялык аскердик машинага тымызын колдоо көрсөткөнү үчүн" дээрлик 100 уюмга экспорттук чектөөлөр киргизиле турганы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости