www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-февралда саат 04:58де Кытайдын аймагында очогундагы күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын күчү Кыргызстандын аймагында да сезилгенин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Бедел айылынан түштүк-чыгышка 40 км, Ыштык айылынан түштүк-чыгышка 52 км, Кумтөрдөн түштүк-чыгышка 75 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка 145 км жайгашты.
Жер титирөөнүн күчү Бедел айылында 4 баллга, Ыштык айылында 4 баллга, Кумтөрдө 3,5 балга, Каракол шаарында 2,5 баллга сезилген.
Булак: NazarNews.kg